Нарын райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоону жарыялоо

Нарын райондор аралык эмгек, социалдык миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» жөнүндөгү №125 Мыйзамына  жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» №24 Жарлыгына ылайык Нарын райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жогорку жана кенже кызмат орундарын ээлөөгө кадрдык  резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Конкурс томөнкү кадамдарды камтыйт: 

-сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга шайкештигин кароо;

-Талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгү тарабынан компьютерлик тестирлөөдөн өткөрүү.

-Аңгемелешүү.

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1)Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

-Жогорку билим (гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер).

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу  үчүн талапкерлер тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4.Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

7.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

10.Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Мыйзамы;

11.Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

  1. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

13.Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;

14.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

15.Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы;

16.Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө”  Мыйзамы.

 2)Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

-Жогорку билим (гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер).

– иш стажына талаптарды койбостон.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу  үчүн талапкерлер тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

4.Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

6.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

8.Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

9.Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;

10.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: 

Жеке арызы; 

-Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны(сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);

-Негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтеринин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

-Эмгек китепчесинин (иш стажысы бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

-Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документеринин (бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

-Папорттун көчүрмөсү ( түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);

– Конкурска документтерди кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер делого тиркелип, Нарын шаарындагы Б.Насыров көчөсү № 2 –дарегиндеги Нарын райондор аралык Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.

Сурап билүү байланыш номер: 0(3522)  5- 04- 76 :

Квалификациялык талаптарга жооп  бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.

Пайдалуу
Ссылкалар