Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, административдик мамлекеттик жарандык кызматынын улук жана кенже административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

 Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы,   административдик мамлекеттик жарандык кызматынын улук жана кенже  административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак  жарыялайт:

  1. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенттүүлүгү: 

– төмөнкүлөрдү билүү: 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,

“Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”, «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»,

 «Мамлекеттик тили жөнүндө”,“Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө”, «Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү» жѳнүндѳ Мыйзамдары,

КРӨнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускама;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

  1. Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптарды койбостон;

кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”, «Мамлекеттик тили жөнүндө»,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускама, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 

Сынакка катышуу үчүн документтер:

-Сынактык комиссиянын тѳрайымынын атына  жазылган жеке арызы;

-Кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы,

-3х4 ѳлчѳмүндѳгү 2 даана сүрѳт;

-Паспорттун кѳчүрмѳсү;

-Билими жѳнүндѳ документ (диплом) кѳчүрмѳсү, эмгек китепчесинин кѳчүрмѳсү, (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбѳлѳндүрүлгѳн)

-Резюме;

-Ѳмүр баян, соттолбогондугу жѳнүндѳ маалымат;

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде тѳмѳнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Жээналиев кѳч №33/2

Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

 тел: (03738) 50209

Пайдалуу
Ссылкалар