Кочкор райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт

   Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:

– мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде  талапкерлерди компьютердик тестирлөө;

– аңгемелешүү.

  • Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый жана техникалык илимдер.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  8. Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлө кодекси» жана «Балдар жөнүндө кодекс»;
  9. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  10. «Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  12. Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөrү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
  13. Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Мыйзамы
  14. Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы (Бухгалтердик 1С 8 программасы)
  15. «Мамлекеттик сатып алуулар” Мыйзамы 14-апрель 2022-ж.№27
  16. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  17. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

          документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу  даярдоо;

  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө:

Көндүмдөрү;

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

2) Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый жана  техникалык илимдер.

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптарды койбостон;

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  8. Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлө кодекси» жана «Балдар кодекси»;
  9. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  10. «КыргызРеспубликасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  12. Кыргыз Республикасынын “Чет олколордоry мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жонyндо” Мыйзамы;
  13. Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатууну алдын алуу жана ага каршы курошуу» Мыйзамы
  14. Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы (Бухгалтердик 1С 8 программасы)
  15. «Мамлекеттик сатып алуулар” Мыйзамы 14-апрель 2022-ж.№27
  16. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  17. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу

даярдоо;

  •  тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө:

Көндүмдөрү;

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арызын

– кадрларды эсепке алуу баракчасын

– өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

– резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

– кадрларды каттоо өздүк баракчасы;

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын 20–февралынан 6-мартка чейин,  он төрт календардык күндүн ичинде Кочкор райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

 Кочкор айылы, Касымов көч., №61. 4 каб. 9:00 дон 18:00 чейин

 Кошумча суроолор үчүн тел.:03535 50364.

Пайдалуу
Ссылкалар