2022-жылы 165,4 миң кыргызстандык иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган
2022-жылы 165,4 миң кыргызстандык иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган
Анын ичинен 1,8 миң адам – майыптыгы бар адамдар, деп билдирди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.
“Негизинен иш менен камсыз кылуу кызматтарына эмгек жана иш менен камсыз кылуу мыйзамдары, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү, кесип тандоо маселелери боюнча кайрылышты.
Майыптыгы бар жарандардын арасында кесипке багыт берүү иши кыйла жакшырды. 2021-жылга салыштырмалуу майыптарга жумушка орноштуруу кызматтары 13% га көп.
Жыл ичинде ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 16 миңге жакын адам ишке орношкон. Ошол эле учурда өлкө боюнча жумушка орношуу өскөн. Нарын облусунда ишке орношкон жумушсуздардын саны 20%, Чүй облусунда – 14%, Талас облусунда – 8% га өстү”, – деди Базарбаев.
Министр белгилегендей, эмгек рыногундагы эң чоң суроо – талап жумушчу адистиктерге болгон.
2023-02-24