2022-жылы дээрлик 153 миң жакыр кыргызстандык коомдук иштер жана окуулары үчүн азык-түлүк жана акча алышты Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек министрлигинин Бишкекте өткөн жалпы республикалык коллегиясында билдирди.
2022-жылы дээрлик 153 миң жакыр кыргызстандык коомдук иштер жана окуулары үчүн азык-түлүк жана акча алышты
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек министрлигинин Бишкекте өткөн жалпы республикалык коллегиясында билдирди.
“Өткөн жылы 130 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 24,8 миң жараны социалдык колдоонун ар кандай долбоорлоруна катышты. Андан соң БУУ ДАП линиясы боюнча дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ишке киргизилген ийгиликтүү модель “эмгекке алмаштырылуучу продуктулар”долбоору болду.
Долбоордун алкагында биз аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө коомдук иштерге катышууну сунуштайбыз, алар үчүн ун жана өсүмдүк майын беребиз. 2022-жылы төртжүз тоннадан ашык азык-түлүк таратылды. Жалпысынан өлкө боюнча 700дөн ашык долбоор ишке ашырылган”, – деди министр.
Кудайберген Базарбаев белгилегендей, республиканын айрым шаарларында жашаган калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүүнүн экинчи Активдүү чарасы “ишке (окууга) накталай акча каражаттары” схемасы боюнча колдоо болду.
“Мындай долбоорлорду биз 138 ишке ашырдык. 33,7 млн сом өлчөмүндөгү накталай каражат 24,3 миң адамга бөлүштүрүлгөн”, – деди ал.
2023-02-24