“Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядагы жаңжал зонасынан Кыргызстандын жараны болгон балдар жана аялдар келишти.

“Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядагы жаңжал зонасынан Кыргызстандын жараны болгон балдар жана аялдар келишти.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын борт Сириядан 16-февралда эртең менен келген. 18 аял жана 41 бала учуп келишти.
“Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалда турган жана мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды куткарууга багытталган бул иш-чара мындай масштабдагы экинчи репатриациялык иш-чара болуп саналат.
Балдарды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун саясий эрки, министрлер кабинетин координациялоо жана мамлекеттик органдардын Тышкы иштер жана улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү жана Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин бирдиктүү өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында мүмкүн болду.
Бул иш – чараны ишке ашырууда Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү, ошондой эле БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана эл аралык Кызыл Крест Комитети өзгөчө жардам жана колдоо көрсөттү”, – деп белгиледи Эмгек министрлиги.
Келген балдар тынч жана коопсуз шарттарда жашоого ыңгайлашууга жардам берүү боюнча тиешелүү кызматтарды алуу үчүн реабилитациялык борборго жайгаштырылат.
Тиешелүү кызматтар балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иштерди жүргүзөт.
Мекенине кайтып келгендерди Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.
Пайдалуу
Ссылкалар