Баткен облусунун көйгөйлөрү жана муктаждыктары мамлекеттин көңүл чордонунда
Баткен облусунун көйгөйлөрү жана муктаждыктары мамлекеттин көңүл чордонунда
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылында Өрүк майын өндүрүү боюнча цехтин ачылыш аземи учурунда билдирди.
Министр менен бирге аземге Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Гидеки Года Мырза, БУУ ДАПтын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Кожиро Накай Мырза, БУУ КЖКБнын Борбордук Азиядагы өкүлү Ганс Шоддер Мырза, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.
Бул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча Жапон өкмөтү тарабынан Баткен облусуна жардам көрсөтүүнүн алкагында ишке ашырылган.
Ошондой эле Япония өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен БУУ ДАП линиясы боюнча “эмгекке азык-түлүк” долбоорунун алкагында Баткен облусу боюнча коомдук иштерге 25 642 жаран тартылган, алар иштин жыйынтыгы боюнча 100 кг ун жана 10 литр май (496 тонна азык-түлүк) алышкан.
Министр салтанаттын катышуучуларынын алдында 2022-жылдагы чек ара жаңжалынан улам жабыркаган Баткен облусунун үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамды баса белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун” 14-17-сентябрында 2022-жылы болуп өткөн Баткен облусунда Куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө ” Жарлыгынын алкагында биздин министрлик Баткен облусунун муктаж жарандарына жардам көрсөтүү боюнча системалуу жана ырааттуу иштерди жүргүзүүдө.
Ошентип, министрлик 2022-жылдын сентябрында болгон чек ара жаңжалынын кесепетинен жапа чеккендердин жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам төлөп берди.
Анын алкагында каза болгондордун үй-бүлөлөрү 1 миллион сомдон, 200 миң сомдон оор жаракат алышкан жана 100 миң сомдон 2022-жылдын декабрь айынын аягына чейин алышкан., бир жолку материалдык жардам 62 жаранга (50 адам жабыр тарткан, 12 адам курман болгон) төлөнүп берилди. Бул максатта министрлик 17,8 млн. сом төлөгөн”, – деди министр.
Министр ошондой эле министрлик 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунун социалдык муктаждыктарына 1 миллиард 700 миллион сом бөлгөнүн, ошондой эле “социалдык контракт” долбоорунун алкагында “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөргө 25 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи.
2023-02-24