ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргызстандын Эмгек министрлиги кандай санариптик технологияларды ишке ашырып жатканы айтылды

ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргызстандын Эмгек министрлиги кандай санариптик технологияларды ишке ашырып жатканы айтылды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Евразия мейкиндигинде иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча семинар-талкуулоодо сүйлөгөн сөзүндө ведомство тарабынан эмгек мамилелери системасына жаңы санариптик технологияларды киргизүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган мейкиндик тууралуу айтып берди.
Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги өткөрүп жаткан иш-чара Бириккен Евразия мамлекеттери ишке ашыра ала турган эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүгө багытталган. Семинарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгек жана экономика министрлери, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Россия Федерациясынын федералдык аткаруу органдарынын жетекчилери, россиялык ири компаниялардын жана окуу жайлардын жетекчилери катышууда.
Жылдыз Полотова белгилегендей, санариптик технологияларды эмгек мамилелеринин системасына киргизүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, анын ичинде аралыктан иштөөнү жөнгө салуу Президент С.Н.Жапаров бекиткен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.
«Кыргызстанда ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жобосун автоматташтырган жана жумушсуздарды, бош орундарды, иш берүүчүлөрдү каттоодо электрондук документ жүгүртүүгө өтүүгө мүмкүндүк берген Корпоративдик социалдык жардамдын маалыматтык системасы жана Эмгек рыногунун маалымат системасы ишке киргизилди.
«Иш менен камсыз кылуу» интерактивдүү веб-порталы (www.zanyatost.kg) өлкөдөгү бардык бош орундарды, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик кызматтарды камтыйт. “Жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз берүү” модулу ишке кирди.
Ошондой эле, «Санарип Аймак» АИСинде «Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту» өзүнчө модулу иштелип чыккан. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, бакубаттуулугунун деңгээли, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жөнүндө анкета, анын негизинде мындай үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо чаралары иштелип жатат», – деди ал.
Министрдин орун басарынын айтымында, өлкөдө «Санарип көчмөн» макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Статус алууга арыз электрондук портал аркылуу берилет. «Санарип көчмөн» статусунун ээлери болуп төмөнкүлөр чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк адистер боло алат: анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн; программалоо, IT продуктуларын иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга «Эмгек өндүрүмдүүлүгү» россиялык улуттук долбоору, экономиканын ар түрдүү тармактарында россиялык ишканаларда эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун мисалдары, санариптик чечимдердин ар кандай платформалары көрсөтүлдү.
Пайдалуу
Ссылкалар