Эмгек министрлиги аймактык башкармалыктардын жетекчилигин 34% жаңылады
Эмгек министрлиги аймактык башкармалыктардын жетекчилигин 34% жаңылады
Мындай сандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 19-январда, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегияда келтирди.
“Ошондой эле майыптыкты аныктаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жетекчилиги 80% га жаңыртылды. Комиссиянын ишине көп жылдардан бери нааразычылыктар айтылып келет, Бүгүн биз калктын социалдык жактан аярлуу катмарына кызмат көрсөтүүнү сапаттуу жакшыртып жатабыз”, – деп белгиледи министр.
Коллегияда натыйжалуу кадр саясаты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 2022-жылга Министрлер Кабинетинин мониторингинин жыйынтыгы боюнча эң жакшы баа же “беш” алган мамлекеттик органдардын тизмесинде биринчи орунду ээлөөгө мүмкүндүк бергендиги белгиленди.
Ошондой эле министрлик көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, анын ичинде санариптик технологияларды киргизүү маселесине ар тараптуу мамиле жасаары айтылды.
Министрликте иштеп жаткан негизги маалыматтык системалар (Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы (СЖКМТ) жана эмгек рыногунун маалыматтык системасы (ИСРТ) толугу менен “Түндүк” ЭВӨС (100%) кошулган.
Өткөн мезгилде министрлик мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө автоматташтырылган режимде 7,3 млн. транзакция жүргүзгөн.
2023-02-24