Эмгек министрлиги «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумдары менен Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумунун ортосунда «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну баштады.

Бул сервис Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине социалдык төлөмдөрдү дайындоого кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалыматты ыкчам алууга мүмкүнчүлүк берди.
Жашаган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымкаттар мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилип келген. Учурда муниципалдык кызматтардын Базалык реестринен бул маалымкаттарды берүү функциялары алынып салынган.
«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кирбей калган жарандар, алар жөнүндо тиешелүү маалыматтардын жоктугуна байланыштуу, базага каттоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуусу зарыл.
Возможно, это изображение карта
Пайдалуу
Ссылкалар