Эмгек министрлигинде Республикалык он-лайн кеңешме болуп өттү

Эмгек министрлигинде Республикалык он-лайн кеңешме болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде он-лайн кеңешме болуп, ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, борбордук аппараттын кызматкерлери, ошондой эле райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары катышты.
Кеңешмеде дайындалып жаткан мамлекеттик, социалдык жөлөкпулдардын даректүүлүгүн камсыздоо, 2023-жылга социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн колдонулган Активдүү чаралар талкууланды.
“Мен борбордук аппараттын жана райондук бөлүмдөрдүн ар бир кызматкерине эскертүү бергим келет, сиздердин ишиңиздер негизинен биздин кызмат алуучулар тарабынан бааланат, Эгерде мыйзамдарды бузуу фактылары болсо, эң катуу чаралар көрүлөт”, – деди министр.
Иш-чарада борбордук аппараттын башкармалыктарынын жетекчилери, райондук башкармалыктардын башчылары жеринде даректүүлүктү камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө отчет беришти.
Пайдалуу
Ссылкалар