Кадамжай районунда ур токмокко алынган жашы жете элек бала тууралуу болгон окуя боюнча Эмгек министрлиги тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат 2021-жылы туулган жашы жете элек А.Х.Б. апасы тарабынан зомбулук көрсөтүлүп, сабалгандыгы тууралуу маалымат интернет булактарына чыккан.
Кадамжай районунда ур токмокко алынган жашы жете элек бала тууралуу болгон окуя боюнча Эмгек министрлиги тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат
2021-жылы туулган жашы жете элек А.Х.Б. апасы тарабынан зомбулук көрсөтүлүп, сабалгандыгы тууралуу маалымат интернет булактарына чыккан.
Аталган маалымат боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө 27.01.2023-жылы иш катталып, тергөөгө чейин текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды.
М.Шнын үч жаш өспүрүм баласы бар. Жаш өспүрүмдүн ата-энеси өз ара пикир келишпестиктин айынан 2023-жылдын 5-январында өзүнүн уюлдук телефону аркылуу кызын уруп, сабагандыгы боюнча тартып кыздын атасы Б.А. жөнөткөн.
Аталган факты боюнча жаш бала А.Х. Б. карата соттук-медициналык жана соттук-психолого психиатриялык экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары журуп жаткандыгын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан билдирилди.
2023-жылдын 30-январында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Совет айыл аймагында жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө типиндеги үйүнө жайгаштырылды.
Ошондой эле, Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалык тарабынан М.Ш. үч баласына “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу 01.07.2022-жылдан 30.06.2023-жылга чейин чегерилип, айына 3 600 сом алып келет.
2023-02-24