КР Эмгек министри Кудайберген Базарбаев: кыргызстандыктар чет өлкөгө жумушка кетип жатып, социалдык пакет, юридикалык коргоо жана башка кепилдиктер менен камсыз болушат
КР Эмгек министри Кудайберген Базарбаев: кыргызстандыктар чет өлкөгө жумушка кетип жатып, социалдык пакет, юридикалык коргоо жана башка кепилдиктер менен камсыз болушат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Соода өкүлү Айнур Саманов жана Татарстан Республикасынын АК “Алабуганын өзгөчө экономикалык аймагы” корпоративдик маселелер боюнча башкы директорунун орун басары Ильдар Тазутдинов менен жолугушуусунда айтылды.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаров биздин алдыбызга чет өлкөгө жумушка кетип жаткан кыргызстандыктар үчүн шарттарды түзүү милдетин койду. Тышкы жумуш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен биз Улуу Британияда, Японияда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө мыйзамдуу жумуш орундарын камсыздайбыз. Министрликтин линиясы боюнча чет өлкөлөрдө иштеп, кыргызстандыктар толук социалдык пакетти, укуктарын юридикалык коргоону, эмгек келишиминин алкагында кепилденген эмгек акыны жана башка жеңилдиктерди алышат. Биз орусиялык кесиптештер менен ушундай эле кызматташууга даярбыз”, – деди министр.
Жолугушууда Татарстан Республикасындагы Алабуга атайын экономикалык аймагы, Financial Times боюнча, технологиялык ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча Европадагы эң мыкты өзгөчө экономикалык аймак катары таанылды деп айтылды
Кыргыз тарапка КМШ өлкөлөрүнөн эмгек мигранттарын тартууга багытталган “Алабуга АЭА” билим берүү жана карьералык долбоорлору тартууланды. Алар менен таанышкандан кийин мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
2023-02-24