Кыргызстан жана Улуу Британия эмгек мигранттары үчүн эмгек квотасын көбөйтүүгө ниеттенүүдө
Кыргызстан жана Улуу Британия эмгек мигранттары үчүн эмгек квотасын көбөйтүүгө ниеттенүүдө
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев Менен «HOPS Labor Solutions Ltd» компаниясынын директору Джеймс Дэвис мырзанын ортосундагы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу учурунда билдирди.
“Биз социалдык кепилдиктерди, коопсуздукту, турак жайды жана башка жеңилдиктерди камтыган мыйзамдуу ишке орноштурууну камсыз кылган компаниялар менен кызматташууга кызыкдарбыз.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Эмгек министрлиги өткөн жылы Агрояи компаниясы менен келишим түзүп, Англияга Айыл чарба иштерине 1500 жаран жиберген.
Учурда башка компания менен түзүлгөн келишимдин алкагында 2000 жаранды ишке орноштуруу боюнча алдын ала тандоо жүргүзүлгөн. Бүгүнкү келишимибиз квотаны 3000 орунга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле министрлик кыргызстандыктарды кызмат көрсөтүү, мейманкана – ресторан бизнеси, туризм жана башка тармактарда да жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат”, – деди министр.
2023-02-24