Кыргызстанда интернаттарда 2 285 чоңдор жана балдар жашайт

Кыргызстанда интернаттарда 2 285 чоңдор жана балдар жашайт
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, өткөн жылы үй-интернаттардагы тамак-аштын сапаты кыйла жакшырган.
“Өткөн жылдын январь айынан бери Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен тамак-ашка кеткен чыгымдын нормасы суткасына 1 адамга эки эсе көбөйтүлгөн. Азыр балдар үчүн 220 сом, чоңдор үчүн 200 сом. Ушунун аркасында биз чоң ата, чоң энелерибиздин, чоңдордун жана майып балдардын тамактануусун жакшырта алдык. Менюда жашылча – жемиштер, ширелер жана жаңы бышырылган азыктар дайыма бар”, – деп түшүндүрдү министр.
Ошондой эле коллегияда социалдык кызматкерлер 10,1 миң жаранга үйүндө жардам көрсөтүп жаткандыгы айтылды. Бул жалгыз бой пенсионерлер жана улгайган жубайлар, майыптыгы бар чоңдор жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар. Орточо алганда, бир социалдык кызматкер 11 кардарды тейлейт.
Все реакции:

Вы, Zhazgul Kalmyrza, Erkegul Togonbaeva и ещё 72

Пайдалуу
Ссылкалар