Майлуу-Суу шаарынын 810 жакыр үй-бүлөсү азык-түлүк топтомун алышты

Майлуу-Суу шаарынын 810 жакыр үй-бүлөсү азык-түлүк топтомун алышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Майлуу-Суу шаарындагы тапшырмасы боюнча КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык башкармалыгы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы 810 жакыр үй-бүлөгө ун, май жана кант түрүндөгү азык-түлүк топтомдорун тапшырды.
13-январдан тартып Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сууктарга байланыштуу шаарды суу менен камсыздай турган трубалар тонуп калган. Натыйжада, калкка жылуулук жана таза суу берүү токтотулган. Учурда ондоо иштери болуп жатат.
Пайдалуу
Ссылкалар