«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын февраль айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – февралынан 1 – мартына чейин 6037 телефондон кайрылуу (бир суткада 215 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 191 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 42 же 22,0 %) жаш балдар, ал эми 149 же 78,0 % чоң кишилер), 148 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 26 абонентке психологиялык консультация берилген, 17 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

191 чалуунун ичинен: эркектерден – 42 (22,0%), аялдардан – 107 (56,0%),  эркек балдардан – 10 (5,2%), кыздардан – 32 (16,8%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 55 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 27 (балдар 5);

– психологиялык жабырлануу менен – 22 (балдар 11);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 18 (балдар 12);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 16 (балдар 2);

– башка маселелер боюнча – 9 (балдар 3 )

– билим берүү системасы жөнүндө – 8 (балдар 2);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 8 (балдар 0);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 7 (балдар 1);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 7 (балдар 2);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 5 (балдар 1);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 5 (балдар 1);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 1);

– суицид жөнүндө – 1 (балдар 1).

5846 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.

 Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 80 (42,0%);

– Ош  облусунан – 23 (12,0%);

– Чүй облусунан – 20 (10,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 15 (7,8%);

– Ош шаарынан – 13 (6,8%);

– Ысык- Көл облусунан –  11 (5,7 %);

– Нарын облусунан – 4 (2,1%);

– Талас облусунан – 3  (1,6 %);

– Баткен облусунан – 2 (1,0%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 20 (10,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар