Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди кыргыздын улуттук баш кийими – ак калпак майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди кыргыздын улуттук баш кийими – ак калпак майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Ак калпак, улуттук символдорубуздун бири катары, эзелтеден кыргыздардын салттуу эркек баш кийими, ата-бабалардын мурасы катары эсептелип, улуттук терең философияны камтыйт.
Кыргыз калпагы ээсинин жаш курагын жана макамын аныктоочу, оюм-чийим менен бирге, аска – тоолордун бийиктигин, жан дүйнө тазалыгын билдирген баш кийим катары муундан-муунга мурас болуп өтүп келе жатат.
Ушул эң сонун күнү сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, албан- албан ийгиликтерди каалайм. Мамлекетибизде ар дайым тынчтык жана бакубат жашоо болсун!
Терең урматым менен, Кудайберген Базарбаев
2023-03-07