Урматтуу Апалар, эжелер, карындаштар! 8-март Эл аралык күнүн утурлай, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм жана эң оболу башыңыздарга бейпил асман, ден соолук жана узун өмур каалайм!

Урматтуу Апалар, эжелер, карындаштар!
8-март Эл аралык күнүн утурлай, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм жана эң оболу башыңыздарга бейпил асман, ден соолук жана узун өмур каалайм!
Сиздердин берекелүү колдоруңуздар бизди курчап турган дүйнөнү талыкпай гүлдөтүп, өндүрүштө, илимде, билимде, саламаттыкты сактоодо, социалдык чөйрөдө, тейлөө тармагында кесипкөйлүк жана жоопкерчилик касиеттериңиздер менен жашоо билигин өчүрбөй, учугубузду улап келе жатасыздар. Үй-бүлөбүздө ынтымакты, өз ара түшүнүүнү, балдарыбызды мыкты тарбиялоого кошуп жаткан эмгегиңиздер жогору да, баалуу да.
Сиздерге жазгы маанай, жылмаюу, жылуулук жана бакубат жашоо каалайм. Жаныңыз жана жүрөгүңүз бакытка толсун. Жашоодон ырахат алыңыз жана жакын адамдарыңыз үчүн кымбат болуңуз!
Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Жаздын ушул күнүндө сиздерге эң сонун маанай, кубаныч
жана бардык жакшылыктарды каалайм!
К.Б. Базарбаев
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и костюм
Пайдалуу
Ссылкалар