Эмгек министрлиги ишембиликке катышты

Эмгек министрлиги ишембиликке катышты
Жалпы республикалык ишембиликке эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Министрликтин ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Махатма Ганди жана Касым Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактагы бөлүнгөн участокто кызматкерлер бир нече сааттын ичинде газондорду иретке келтирип, кургак жалбырактарды алып салышты. Иш-чарага 200дөн ашык кызматкер катышты.
Ошондой эле ишембиликтер министрликтин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, өлкө боюнча ишембиликке катышуучулардын жалпы саны 4000ге жакын адамды түздү.
Пайдалуу
Ссылкалар