Ысык-Көл районунун тургундары Эмгек министрлиги менен социалдык келишим түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти Бүгүн, 27-мартта, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жашоочулары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге кызыккан суроолорун беришти.

Ысык-Көл районунун тургундары Эмгек министрлиги менен социалдык келишим түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти
Бүгүн, 27-мартта, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жашоочулары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге кызыккан суроолорун беришти.
Талкуунун негизги темасы социалдык келишим болду. Жолугушуунун катышуучуларын чакан бизнес ачууга 100 миң сом алуу шарттары кызыктырды.
“Биз өткөн жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контракт түзүп келебиз. Бул оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн эмгек министрлиги ишке ашырып жаткан Активдүү чаралардын бири.
Мында ведомство контракт түзгөнгө чейин жана андан кийин – финансылык сабаттуулукка окутуудан баштап ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө чейин коштоп жүрөт.
Өткөн жылы Министрлер кабинети тарабынан социалдык контракт түзүү үчүн 292 млн сом бөлүнгөн. 2023 – жылга бюджеттен 10 миң үй-бүлөгө социалдык келишимге 1 млрд сом бөлүнөт”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары мамлекет берген майыптар коляскаларына көңүл бурууну суранышты, алар көп функционалдуу болушу керек.
Пайдалуу
Ссылкалар