Бул жылы социалдык келишим долбоору 50 миң кыргызстандыктын жашоосун жакшыртат

Бул жылы социалдык келишим долбоору 50 миң кыргызстандыктын жашоосун жакшыртат – министр К. Базарбаев
Бүгүн, 29-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев мамлекет менен “Социалдык келишим” түзүп, жеке бизнесин ачууну чечкен жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго биринчи сертификаттарды тапшыра баштады.
Салтанаттуу иш-чара Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болуп өттү. Сертификаттарды 110 үй-бүлө алышты.
“Социалдык келишим” мамлекет башчысынын демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары ишке ашырылууда. Мындай жардамды мамлекеттен алуу биздин жарандардын аң – сезимин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет-жөлөкпулдарды пассивдүү алуучулардан алар эмгек рыногунун активдүү катышуучулары болуп калышат.
Былтыркы “Социалдык келишим” ишке ашыруунун мониторингине ылайык жактырылган бизнес-пландардын 59% айыл чарба (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөсканалар, канаттуулар чарбасы), 24% тигүү, темир – бетон буюмдарын өндүрүү, терезелерди, эмеректерди даярдоо, самын жасоо тармактарында ишке ашырылган.
Алынган каражаттардын дагы 10% коомдук тамактануу, такси, курулуш, сулуулук, автодиагностика, массаж ж.б. кызматтарды көрсөтүү бизнесин ачышкан. дагы 7% соода тармагында иштешет”, – деди министр.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ар бир “социалдык келишим ” орточо беш адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Үстүбүздөгү жылы 10 миң контракт түзүлгөн учурда мамлекет 50 миңдей адамдын жашоо шарттын жогорулатууга ниеттенүүдө.
Пайдалуу
Ссылкалар