Социалдык келишим түзгөн ар бир алтынчы үй – бүлөдө чоң киши же майыптыгы бар бала бар – министр К. Базарбаев Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Талас облусунун Манас районунун жашоочулары менен Покровка айылында өткөн “Социалдык келишим” долбоорун менен келишим түзүп жатып билдирди

Социалдык келишим түзгөн ар бир алтынчы үй – бүлөдө чоң киши же майыптыгы бар бала бар – министр К. Базарбаев
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Талас облусунун Манас районунун жашоочулары менен Покровка айылында өткөн “Социалдык келишим” долбоорун менен келишим түзүп жатып билдирди.
Министр мамлекет менен “Социалдык келишим” түзүүнү чечкен Манас районунун аз камсыз болгон жарандарына үстүбүздөгү жылы алгачкы 24 сертификатты 100 миң сомго тапшырды. Аны тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Гулкан Молдобекова катышты.
Министрдин айтымында, Президент С.Н.Жапаровдун демилгесин ишке ашырууга министрлер кабинети тарабынан өткөн жылы 280 млн сом бөлүнгөн, ошол эле учурда бул долбоорго Жогорку Кеңеш тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүүдө.
“Бүгүн Биз “Социалдык келишим”долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын баштап жатабыз. Үстүбүздөгү жылы 10 миң үй-бүлө социалдык жөлөкпул алуучулардын катарынан жеке ишкерлер категориясына өтө алышат.
Бул 25 миңдей жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Өткөн жылы 2800 үй-бүлө менен чакан бизнес ачуу үчүн” Социалдык келишим ” түзүлгөн. 3,7 миңден ашуун арыз алынган. Контракт гранттык негизде 100 миң сом алууга укук берет жана үч жылга түзүлөт.
2022 – жылы тандалып алынган үй-бүлөлөрдө 15 миңден ашуун адам жашайт, алардын ичинен 9,6 миңден ашууну-бул балдар, алардын 80% ы “үй-бүлөгө комок” жөлөк пул алышат. Ар бир алтынчы үй-бүлөдө чоңдор же майып балдар бар”, – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар