Нарын районунун жана Нарын шаарынын 70 үй-бүлөсүнө чакан бизнес уюштуруу үчүн 100 000 сомдук сертификаттар тапшырылды
Нарын районунун жана Нарын шаарынын 70 үй-бүлөсүнө чакан бизнес уюштуруу үчүн 100 000 сомдук сертификаттар тапшырылды
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Нарын районун жана Нарын шаарынын 70 аракети бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө чакан бизнес долборлорун ишке ашырууга 100 000 сом өлчөмүндөгү сертификаттарды тапшырды. Министрдин орун басары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде көрсөтүлүп жаткан социалдык жардам КРнын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана КРнын Министрлер Кабинетинин чечиминдерине ылайык республика боюнча берилип жаткандыгы тууралуу белгилеп кетти.
Бул иш-чаранын негизги максаттары – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүгө жaна аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгyу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү.
Сертификаттарды тапшыруу аземине КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Шарапаткан Мажитова дагы катышып, өзүнүн өмүр жана эмгек жолундагы ишкердик тажрыйбасы жөнүндө айтып берип жана ийгиликтерди каалап кетти.
2023-03-30