Таластын 110 жакыр үй-бүлөсү мамлекеттин колдоосу менен чакан бизнес ачышат
Таластын 110 жакыр үй-бүлөсү мамлекеттин колдоосу менен чакан бизнес ачышат
Бүгүн, 30-мартта, Талас шаарынын жана Талас районунун 110 үй-бүлөсү мамлекет менен социалдык келишим түзүп, чакан бизнес ачууга 100 миң сомго сертификат алышты.
Сертификаттарды тапшыруу бүгүн, 30-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана ЖК депутаты Руслан Жакышовдун катышуусунда өттү.
“Социалдык келишим-бул үй-бүлө башына
түшкөн оор турмуштук кырдаалды жеңүү үчүн активдүү чара болуп эсептелет. Башында мындай милдет биздин алдыбызга КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо системасынан көз карандысыз болууга шыктандырууга.
Өткөн жылы мамлекеттин колдоосу менен өз ишин баштаган 2900 муктаж үй-бүлөлөр “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуудан баш тартышкан. Бул үй-бүлөлөр өздөрү киреше ала башташып, ошол эле убакытта алардын ар бири 2-3 жумуш орундарын түзүшкөн. Жалпысынан 15000ден ашуун адамдын жашоо деңгээлин жогорулаттык, бул жылы биз дагы 50 миң адамдын бакубаттуулугун жогорулатабыз деп пландаштырып жатабыз”, – деди министр.
Анын айтымында, социалдык келишим чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берет.
“Сүлүктү, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Жумгал, Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондорунда 100 миң сомго сертификаттар берилди. Келишим жуманын башынан тартып түзүлө баштады, 4 күндүн ичинде 600дөн ашык жакыр үй – бүлө мамлекет менен социалдык келишимге кол коюшту”, – деди Кудайберген Базарбаев.
2023-03-31