КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин Нарын облусунда өткөрүлгөн жыйынына катышып, социалдык маселелер, программалар, мыйзамдар жана башка укуктук ченемдик актылар боюнча түшүндүрмөлөрду, ошондой эле сунуштарды берип кетти.

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин Нарын облусунда өткөрүлгөн жыйынына катышып, социалдык маселелер, программалар, мыйзамдар жана башка укуктук ченемдик актылар боюнча түшүндүрмөлөрду, ошондой эле сунуштарды берип кетти.
Жыйындын алкагында көтөрүлгөн негизги маселелердин бири аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту, анын себептерин жоюу жөнүндө болду. Нарын облусундагы тиешелүү мамлекеттик органдар аткарылган иштер, абал боюнча маалыматтарын беришти.
Ошондой эле ор кырдаалда калган үй-бүлөлөр жана балдар, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, жакырчылыкты жоюу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, миграциялык абал жана башка бир топ көйгөйлөр көтөрүлүп, суроолор берилип, ошону менен бирге мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүлөр сунушталды.
“Албетте, мыйзамдар улам жакшыртылып, замандын талабына ылайык өнүгүп туруш керек. Бирок азыркы учурда деле бири-бирине тыгыз байланыштуу социалдык, экономикалык жана гендердик теңчилик боюнча көйгөйлүү маселелерди жер-жерлердеги тармактык мамлекеттик жана ЖӨБ органдар тараптан чогуу чечүүгө, ийгиликтүү иш алып барууга жакшы мыйзамдарыбыз, алардын механизимдери бар. Мисалы, ошол эле оор турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жана коштоо боюнча тартиптери бар. Үй-бүлө менен жеке иштөө жана баланы коргоо боюнча жеке пландарды иштеп чыгууда, аларды аткарууда жана мониторинг жүргүзүүдө бардык кызыктар тараптар чогуу талкуулап, биргеликте чечүү жолдорун издениш керек – деди министрдин орун басары.
Жыйындын катышуучулары тарабынан кризистик жана башка социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун ачылышы тууралу суроолорго Жылдыз Полотова мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө түшундүрмөлөрдү берип, калктын социалдык кызматтарга муктаждыгын аныктоодо жана ачылган борборлордун туруктуулугун камсыздоодо ЖӨБ органдардын ролун белгилеп кетти.
Ошондой эле ал азыркы учурда жер-жерлерде элдин арасында улуттук жана үй-бүлөлүк баалулуктар, ата-эненин орду, моралдык, нравалык жоопкерчилик жана башка коомчулукту тарбиялап, жакшы таасир бере турган түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүнүн заарылчыгы жөнүндө айтты.
“Замандын талабына жараша, бүгүнкү күнү дагы бир маселеге олуттуу көңүл буруу зарыл, айрыкча айыл жергесинде, тоолуу райондордо. Санариптик ажырым аялдардын, кыздардын арасында көбүрөөк байкалууда. Албетте, жакшы программалар кабыл алынып, өлкөбүздө экономика, башкаруу система, билим берүү жана социалдык чөйрөсүнүн санариптештирүүнүн активдүү процесстери болуп жатат. Ошону менен бирге, бүгүн технологиялар саат сайын алдыга жылып баратат.
Автоматизация көптөгөн аялдарды жумушсуз калтырышы ыктымал. Санариптик сабаттуулук, тийиштүү көндүмдөр келечекте үчүн чоң мааниге ээ болот” – деп кошумчалады Жылдыз Полотова.
Жыйын жогоруда аталган Кеңештин төрагасынын орун басары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Шарапаткан Мажитова жетектөөсүндө, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарынын, акимдердин орун басарларынын, вице-мэрлердин, жергиликтүү кеңештердин депуттарынын, мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Пайдалуу
Ссылкалар