Аксы районунда биринчи этапта 342 адам социалдык контракттын алкагында 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту

Аксы районунда биринчи этапта 342 адам социалдык контракттын алкагында 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту
Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Г.Култаева, райондун акими З.Сыдыков, Министрликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жогорку кеңештин депутаты өз сөзүндө “Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткандыгына токтолуп, бул долбоордун катышуучуларынын баштап жаткан иштерине ийгилик каалап, өлкөнүн экономикасына келечекте үзүрлүү салым кошооруна ишеним артаарын белгилеп өттү.
Социалдык контракттын негизинде Аксы району боюнча 2023-жылы 685 үй-бүлө 100 миң сомдон алмакчы. Бүгүнкү күндө алардын 342сине сертификаттар берилди. Алардын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгына жана өндүрүш тармагына багытталган.
Долбоордун катышуучулары жакырчылыктан чыгууга көмөк көрсөтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылыктарын билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар