Алай районунда 272 үй бүлө жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк алды

Алай районунда 272 үй бүлө жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк алды
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын залында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун
демилгесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун аткарылышы боюнча социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берилген, биринчи этапта комиссиядан өткөрүлгөн 272 үй-бүлөнүн ичинен 50 үй-бүлөгө сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У. Примов, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы аким К. Апбасов , айыл өкмөттөрдүн башчылары жана Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Б.Токобаевалар менен биргеликте каалоо тилектер айтылып, өткөрүлгөн иш-чаралардын сүрөттөрү, видеороликтери көрсөтүлүп, сертификаттары тапшырылды.
Все реакции:

Вы, Жылдыз Полотова и ещё 27

Пайдалуу
Ссылкалар