Алыскы тоолуу Чоң,-Алай районунда мамлекеттин колдоосу менен 150 үй-бүлө өз ишин башташат

Алыскы тоолуу Чоң,-Алай районунда мамлекеттин колдоосу менен 150 үй-бүлө өз ишин башташат
Бүгүн, 7-апрелде Ош облусунун Чоң-Алай районунда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырды. Мамлекеттин колдоосу менен 150 үй-бүлө өз ишин ача алат.
«Өлкө аймактарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү – мындай милдетти КРнын Президенти С.Н.Жапаров мамлекеттик органдардын алдына койгон. Анын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги алыскы тоолуу айылдарда ишкерликти ырааттуу өнүктүрүүдө.
Социалдык контракт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгын жогорулатат. Өткөн жылы өлкө боюнча жалпы түзүлгөн 2,9 миң контракт 15 миңдей адамдын жашоосун жакшыртты. Быйыл 10 миң жаңы ишкерлер улуттук экономикага кошулуп, жергиликтүү жамааттарды да, бүтүндөй өлкөнүн экономикасын да чыңдайт. Бул ансыз да эң муктаж болгон 50 миңдей жарандын жашоо деңгээлин жакшыртат», – деди Жылдыз Полотова.
Пайдалуу
Ссылкалар