Чаткал районунда “Социалдык контракт” алуучулар менен биргеликте комиссия мүчөлөрүнүн отуруму өттү

Чаткал районунда “Социалдык контракт” алуучулар менен биргеликте комиссия мүчөлөрүнүн отуруму өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” кабыл алынган токтомунун негизинде “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучулары жана аталган долбоордун комиссия мүчөлөрүнүн отуруму болуп өттү.
Анда “Социалдык контракт” алуучу жарандар даярдаган долбоорлор менен комиссия мүчөлорү таанышып, талкуулашты.
Аталган отурумга райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдиндин орун басары Алтынай Таштанбаева,Каныш-Кыя, Чаткал айыл өкмөт башчылары, соц адистери, калган комиссия мүчөлөрү жана “Социалдык контракт” алуучу жарандар катышышты.
Белгилей кетсек “Социалдык контракт” долбоорунуна 2023-жылга карата өлкө аймагы боюнча он миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү каралган, анын ичинен Чаткал району боюнча 110 үй-бүлө аталган долбоорго катыша алышат.
Эске салсак 2022-жылы 50 аз камсыз болгон үй-бүлөгө “Социалдык контракт” долбоорунун негизинде 100 миң сомдон берилген.
Пайдалуу
Ссылкалар