Эмгек министрлиги кыргызстандыктарды Венгрияга иштөөгө жөнөтүүгө кызыкдар

Эмгек министрлиги кыргызстандыктарды Венгрияга иштөөгө жөнөтүүгө кызыкдар
Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Венгрия Республикасынын Өзгөчө жана толук кандуу элчиси Шандор Дороги мырза менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө ” Жарлыгын ишке ашыруу максатында эмгек министрлиги эмгек рыногун диверсификациялоого багытталган активдүү иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстандыктар Перс булуңундагы өлкөлөрдө, Кореяда, Улуу Британияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты” деди министр.
Өз кезегинде Элчи Венгрияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги байкалууда.
“Венгрияда бүгүнкү күндө дээрлик 100 миң бош жумуш орундары бар, ар кандай багыттар жана курулуш, медицина, өнөр жай ишканалары”, – деди элчи.
Ошондой эле элчи Кудайберген Базарбаевге Будапештте өтө турган Венгрия-Кыргыз форуму тууралуу маалымат берди, анда эки өлкөнүн бизнес жана саясий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Венгрияда ишке орноштуруу тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого мүмкүндүк берет, Эмгек жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтет жана бекемдейт, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө кеңири жана эркин өз ара маалымат алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Пайдалуу
Ссылкалар