Кадамжай районунда “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучуларына 100 мин сомдук сертификатар берилди

Кадамжай районунда “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучуларына 100 мин сомдук сертификатар берилди
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси жана КРнын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык Кадамжай районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде көрсөтүлүп жаткан социалдык жардам берилүүдө.
Бул иш-чаранын негизги максаттары – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгууга активдүү аракеттерге шыктандыруу, өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарын түзүү.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес проекттерин ишке ашырууга сертификаттарды тапшыруу аземи КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.Атажановдун жана Кадамжай райондук администрациясынын башчысы-аким К.Шакиров, акимдин орун басары М.Асанова жана Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Г.Осмонованын катышуусунда болуп өттү.
Кадамжай районунда бүгүнкү күндө 143 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар