Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы
№ 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомуна
Пресс-релиз
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык иштеп жаткан жарандарга эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон, ошондой эле кош бойлуу жана төрөт учурунда, жөлөкпул берүү жолу менен социалдык камсыздоо кепилденет.
Иштеп жаткан жарандарга карата социалдык колдоону күчөтүү максатында иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган кызматкерлер ооруп калган учурда он биринчи иш күндөн тартып убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдардын өлчөмүн айына 100 эсептик көрсөткүч эсебинде (10 000 сом) жогорулатууну караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан токтом кабыл алынды. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрүн эсептөө 2023-жылдын 13-апрелинен баштап жүргүзүлөт.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык кызматкерлер ооруп калган учурда, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул толугу менен иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин токтому менен бийик тоолуу эмес жерлерде иштеген аялдар үчүн он биринчи иш күндөн тартып эсептелген кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдардын өлчөмү дагы жогорулатылат.
Мында, 2024-жылдын 1-январынан тартып республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүүчү он биринчи иш күндөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 2000 сом (20 эсептик көрсөткүч) эсебинде аныкталат, б. а. 2 эсе жогорулатылат.
Ошондой эле, республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүүчү кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдар бир жолку төлөм болуп саналарын эске алуу менен юридикалык жактардын өтүнмөлөрүн жана жеке жактардын арыздарын күн сайын кабыл алуу процесси ишке киргизилген. Мында жөлөкпул алуучулар арыз бергенден кийин 6 айдын ичинде бир жолку төлөмдү алуу үчүн банкка кайрылууга тийиш.
Возможно, это изображение деньги
Пайдалуу
Ссылкалар