«Социалдык контракт»долбооруна Балыкчы шаарындагы 45 аз камсыз болгон үй-бүлө катышат

«Социалдык контракт»долбооруна Балыкчы шаарындагы 45 аз камсыз болгон үй-бүлө катышат
Балыкчы шаарында «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Ага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын сөзүнө ылайык, быйылкы жылы долбоорго шаардагы аз камсыз болгон 45 үй-бүлө катышат.
Бул долбоор муктаж болгон жарандарды кызмат алуучулардын категориясынан жеке ишкерлер категориясына которууга мүмкүндүк берет, алар өздөрү гана киреше таппастан, ар бир социалдык контракттын алкагында 2-3 жумуш орундарын түзүшөт.
Ошентип, долбоор аймактарды өнүктүрүү концепциясын жана жалпысынан Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашырууга салым кошот.
Жылдыз Полотова сертификаттарды тапшыруу учурундагы сөзүндө «Өткөн жылы социалдык контракттардын аткарылышы боюнча жүргүзгөн мониторингибиздин жыйынтыгы боюнча бардык бизнес долбоорлордун 17%ы кызмат көрсөтүү жана соода тармагында ишке ашырылган. Бул багыт өзгөчө туристтик Ысык-Көл облусунда маанилүү, ал жерде Балыкчы сыяктуу шаарлардын базасында туристтик борборлорду жана кластерлерди түзүү пландаштырылууда» – деп белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар