«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын I -кварталындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын I -кварталында 18258  телефондон кайрылуу (бир суткада 203 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 570 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 162 же 28,4 % жаш балдар, ал эми 408 же 71,6 % чоң кишилер), 438 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 76 абонентке психологиялык консультация берилген, 56 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

570 чалуунун ичинен: эркектерден – 120 (21,2%), аялдардан – 288 (50,5%),  эркек балдардан – 39 (6,8%) кыздардан – 123 (21,5%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй: 

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 161 (балдар 4);

– психологиялык жабырлануу менен – 68 (балдар 48);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 65 (балдар 10);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 61 (балдар 39);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 37 (балдар 17);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 29 (балдар 4);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 28 (балдар 8);

– билим берүү системасы жөнүндө – 27 (балдар 5);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 25 (балдар 13);

– башка маселелер боюнча – 21 (балдар 8);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 18 (балдар 3);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 18 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 10 (балдар 2);

– суицид жөнүндө – 2 (балдар 1) .

17688 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 170 (29,8%);

– Чүй облусунан – 85 (15,0 %);

– Ош облусунан – 67 (11,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 49 (8,5%);

– Ош шаарынан – 41 (7,2%);

– Ысык- Көл  облусунан – 30 (5,3%);

– Талас облусунан – 13 (2,3%);

– Нарын облусунан – 12 (2,2%);

– Баткен облусунан – 9 (1,5%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 94 (16,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар