«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын март айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын март айында  6009  телефондон кайрылуу (бир суткада 194 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 161 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 63 же 39,0 % жаш балдар, ал эми 98 же 61,0 % чоң кишилер), 117 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 26 абонентке психологиялык консультация берилген, 18 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

161 чалуунун ичинен: эркектерден – 26 (16,1%), аялдардан – 72 (44,7%),  эркек балдардан – 21 (13,0%), кыздардан – 42 (26,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 34 (балдар 2);

– психологиялык жабырлануу менен – 25 (балдар 20);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 19 (балдар 12);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 18 (балдар 10);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 15 (балдар 6);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 12 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 8 (балдар 5);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 7 (балдар 5);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 6 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 6 (балдар 1);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 5 (балдар 0);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 4 (балдар 1);

– суйицид жөнүндө – 1 (балдар 0);

– медицина камсыздоо жөнүндө – 1 (балдар 0).

5848 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 35 (21,7%);

– Чүй облусунан – 30 (18,6%);

– Жалал-Абад облусунан – 22 (13,6%);

– Ош облусунан – 16 (10,0%);

– Ош шаарынан – 11 (7,0%);

– Ысык- Көл  облусунан – 8 (5,0%);

– Талас облусунан – 4 (2,4%);

– Баткен облусунан – 4 (2,4%);

– Нарын облусунан – 3 (2,0%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 28 (17,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар