Жогорку Кенештин депутатары “Социалдык контракт” долбоорун колдоп жатат
Жогорку Кенештин депутатары “Социалдык контракт” долбоорун колдоп жатат
Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгесине ылайык, КР Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында берилген квотанын негизинде 105 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100миң сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттар тапшырылды.
Аталган долбоордун алкагында Ак-Талаа району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлө чакан ишкердик кылуу боюнча долбоор жазып, бардыгы комиссиянын кароосунан өтүп, бүгүнкү күндө өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. 2023-жылдын 10-апрелинде ушул эле токтомдун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акча каражаттары бөлүнүп дагы 105 үй-бүлөгө 100,0 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
105 долбоордун 84 долбоору мал чарбачылык, 15 долбоору тигүү цехин ачуу, 1 долбоор эмерек жазоо, 4 долбоор соода-сатык кылуу, 1 долбоор ашкана ачуу үчүн долбоор жазылган.
Сертификаттарды тапшырууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Самыйкожо Мирлан, Айжигитов Султанбай Адырашитович, Нурбаев Жалалидин Паяздинович, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Сапаров Адыл Солтоевич, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жапаров Жумадилла Курсанбаевич, райондук ЭСКМБ башчысы Э.Качкынбаев катышышты.
2023-04-11