Мекенине кайтып келген эмгек мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жеке бизнесин ачуу аркылуу иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү программаcына тартуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында
Мекенине кайтып келген эмгек мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жеке бизнесин ачуу аркылуу иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү программаcына тартуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кайтып келген мигранттардын ичинен жумушсуз жарандар үчүн “Бизнес жүргүзүүнүн негиздери” курсунун катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Белгилей кетсек, GIZ «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» программасынын колдоосу менен М.Рыскулбеков атындагы КЭУнин базасында окутуу курстары өткөрүлгөн. Ал эми сертификаттарды тапшыруу аземине бизнес-коомчулуктун, эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү катышты, мисалга алсак: Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюму, Ага Хан өнүктүрүү уюму, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, Кепилдик Фонд, КБ «Мигрант-инвесторлор Ассоциациясы», ААК «Айыл Банк» ж.б.
Окутуу курстарынын катышуучулары мугалимдердин жана долбоордун эксперттеринин колдоосу менен жазылган бизнес-пландары менен тааныштырышты. Презентациялардын жыйынтыгында чакырылган коноктор менен талкуулар жана пикир алмашуулар болуп, алар бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген насыяларды жана гранттарды алуу боюнча кеп-кеңештерин берилди.
Белгилей кетсек, бул «Бизнес жүргүзүүнүн негиздери» боюнча бир айлык курс үстүбүздөгү жылдын март айында пилоттук түрдө Баткен, Жалал-Абад, Ош, Каракол, Талас, Бишкек шаарларында жана Ала-Бука, Ноокат райондорунда өткөрүлгөн, өз бизнесин ачууну каалаган 75 кайтып келген мигрант окутулду.
2023-04-12