Жети-Өгүз районунда 101 үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен чакан бизнес ачат
Жети-Өгүз районунда 101 үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен чакан бизнес ачат
Бүгүн, 10-апрелде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда социалдык келишим түзүү алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомго сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
“Социалдык келишим – бул оор турмуштук кырдаалдан чыгуу, өз пландарын, идеяларын ишке ашыруу жана өзүн-өзү камсыздоо мүмкүнчүлүгү”. Министрлик, жергиликтүү бийлик органдары баштаган бардык долбоорлор ийгиликтүү болушу үчүн жаңыдан баштаган ишкерлерге максималдуу колдоо көрсөтүүдө.
Сиздердин долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу – бул аймактардагы чакан бизнести өнүктүрүүгө, үй – бүлөңүздөрдүн гана эмес, сиздер үчүн жумуш орундарын түзгөндөрдүн да жашоосун жакшыртууга салым кошуу”, – деди Жылдыз Полотова.
2023-04-12