Ош шаарында аз камсыз болгон 160 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлөт

68 үй-бүлө 100 миң сомго сертификат алышты, калган бизнес-долбоорлор комиссиянын кароосунан өтүүдө.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова сертификаттарды тапшыруу учурунда билдирди.
“Бардык бизнес-идеялар эки этаптуу катуу тандоодон өтөт. Жергиликтүү бийлик органдарынын, Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия киргизилген сунуштарды кылдат иликтейт. Анткени, ар бир долбоор, ар бир чечим шаардын өнүгүшүнө салым болуп саналат”, – деп белгиледи ал.
Министрдин орун басарынын айтымында, долбоорлорго катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат.
“Ар кандай бийлик органдары тарабынан эмдөө, мал чарбачылыгына тартылган катышуучуларга консультация берүү, тамак-аш азыктарын өндүргөн катышуучулардын санитардык абалын текшерүү жүргүзүлүүдө.
Өкмөттүк эмес сектор финансылык сабаттуулукка, бизнес-пландоого, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө окутууну уюштурууга көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча демилгесин ишке ашыруу биргелешкен аракеттер менен ишке ашырылууда”, – деди Жылдыз Полотова.
Пайдалуу
Ссылкалар