Эмгек министрлиги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны жакшыртуу боюнча иштерди улантууда

Эмгек министрлиги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны жакшыртуу боюнча иштерди улантууда
Бүгүн, 15-апрелде Президент С.Н.Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча Иш-Аракеттер Планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Министрликтин ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышышты.
Ишембилик Улуттук илимдер академиясынын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагында эки тараптуу келишимдин алкагында болуп өттү, анын алкагында эмгек министрлиги аталган мекемени өзүнүн карамагындагына шефтике алды.
Ишембиликтин катышуучулары тарабынан ботатникалык бактын жер аянты тазаланып жана бак дарактарды отургузууга жер даярдалды ошондой эле ишембилик Нарын облусунда Ботаникалык бактын карамагындагы мекеменин аймагында өткөрүлдү.
Ишембиликтер ошондой эле өлкөнүн региондорунда болуп, Министрликтин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери да бөлүнгөн аймактарды тазалоого катышышты
Пайдалуу
Ссылкалар