Кыргызстандын эң чоң районунда 100 миң сомго сертификаттар тапшырылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда Эмгек министрлигинин “социалдык контракт”долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомго сертификаттар тапшырылды.
Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов жана Алишер Козуев, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты.
“Бүгүн биз 300 сертификат тапшырдык, дагы 300 үй-бүлөнyн бизнес-долбоорлору каралгандан кийин социалдык келишим түзүлөт. Жалпысынан өлкөбуздун эң чоң районунда аз камсыз болгон 600 үй-бүлөлөр жеке ишкерлер катары өз ишин баштайт.
Бул аймак үчүн мындай чоң квота кокусунан эмес. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, катышуучулардын 17% соода жана ар кандай кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө бизнес ачышкан. Бул Борбор Азиядагы эң ири соода борборлорунун бири болгон Кара – Суу базары жайгашкан район үчүн актуалдуу. Демек, аз камсыз болгон жарандардын өздөрүнүн бизнес идеяларын жөн эле ишке ашырбастан, мамлекеттин колдоосу менен алынган каражаттарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Андыктан өз бизнесин туруктуу кылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар”, – деди министрдин орун басары Жылдыз Полотова.
Пайдалуу
Ссылкалар