Социалдык контракт келишими аялдардын ишкердүүлүгүн натыйжалуу колдойт

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Жылдыз Полотова Ош облусунун Алай районунда 100 миң сомго сертификаттарды тапшырууда билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
“Тоолуу райондорду өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун өзгөчө көңүл чордонунда турат. Мында мамлекет башчысынын “жашыл”, “санариптик” жана “креативдүү” экономиканы өнүктүрүү боюнча демилгелери гендердик теңчиликти илгерилетүүгө багытталган.
Социалдык контракт -бул оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн эркектер үчүн да, аялдар үчүн да бирдей мүмкүнчүлүк. Мамлекеттен 100 миң сом түрүндө колдоо алып, көптөгөн ишкер аялдар өз ишин башташты жана эми турмуштун оор кырдаалынан чыгууга мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.
Алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү-бул алардын бакубаттуулугунун жана жалпы экономикалык жыргалчылыгынын ачкычы”, – деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Министрдин орун басары БУУнун Нью-Йорктогу аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясында аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү маселелерин көтөргөнүн айтты.
“Аялдардын санариптик технологияларга жеткиликтүүлүгү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана алардын эмгек рыногундагы абалын жакшыртат. Министрлик туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон экономикалык, экологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн негизги катышуучулары болгон тоолуу аймактардагы аялдар жана кыздар үчүн жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө инвестицияларды күчөтүү үчүн иштеп жатат”, – деди өз сөзүндө министрдин орун басары.
Иш-чарада 252 сертификат тапшырылды. Мурда тапшырылган 50 сертификатты эске алуу менен Алай районунда жалпысынан 302 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык контракт келишимин түзүштү.
Пайдалуу
Ссылкалар