Жалал-Абад шаарынын 75 аз камсыз үй бүлөлөрү 100 мин сомдук сертификатка ээ болду

Жалал-Абад шаарынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуну ишке ашыруу максатында, социалдык жардам алууга келишим түзгөн, 75 аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө,100 мин сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттарды тапшырды.
Бул иш чарага Жогорку Кеңештин депутаты Ш. Ташиев, А. Маткеримов, Жалал-Абад шаарынын мэри Э. Ормоков, депутатардын шаардык кенешинин төрагасы Н. Орозбаев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж. Алыбаева катышышты.
Пайдалуу
Ссылкалар