Социалдык контракт чакан шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди.
«Эки жылдын ичинде 65 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык келишим түзүп, жөлөк пулдан баш тартууну чечишти. Алардын баары киреше табып, өз жамааттарын өнүктүрүүгө жардам бере алышат.
Жалпысынан алганда, чакан шаарлар өзүн-өзү экономикалык жактан өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар . Компакттык, мобилдүүлүк, жергиликтүү айылдын тургундары менен байланышуу – мунун баары бизге ар кандай экономикалык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет», – деди ал.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар