Аламүдүн районунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү мамлекет менен социалдык келишим түзүштү

Чүй облусунун Аламүдүн районунда социалдык контракттын негизинде 59 бизнес-идеялар ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу учурунда айтылды.
Иш-чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базабаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Азамат Исираилов жана Нилуфар Алимжанова, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева катышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Биздин мамлекеттин эң башкы байлыгы — биздин адамдарыбыз» деп дайыма айтып келет. Учурда мамлекеттик саясат жаңы нукка бурулуп, өлкөбүздөгү адамдык капиталды өнүктүрүүгө басым жасалууда.
Социалдык контракт экономикалык жактан көз карандысыз, күчтүү инсан катары өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет. Быйыл эле 6 миңден ашык үй-бүлө муктаждарга жөлөк пул алуудан баш тартып, өз алдынча акча таба башташты. Жыл аягына чейин мындай үй-бүлө 10 миңге жетет, былтыркы жылды эсепке алганда 13 миңге жакын.
Социалдык контракт 2 жылда 65 миң адамдын турмушун жакшыртат, анын 80% 16 жашка чейинки балдар. Мындай ар бир алтынчы үй-бүлөдө бойго жеткен же майып бала бар», – деди Кудайберген Базарбаев.
Министр долбоорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын чоң колдоосун белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар