Социалдык контракттын мыкты долбоорлору кошумча насыя ала алышат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди.
«Министрлик «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте «Социалдык контракт» долбоорунун катышуучуларына кошумча каржылоо моделин иштеп чыгууда.
Бизнес-идеясын эң натыйжалуу ишке ашырган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 200 миң сом өлчөмүндө кошумча насыя ала алышат», – деди министр.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Акботон Таштанбеков, Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Нурбек Сагынбаев катышты.
Район боюнча жалпысынан 51 үй-бүлө социалдык контракт менен камсыздалат.
Пайдалуу
Ссылкалар