Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү шаардын аймактарын тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларын өткөзүштү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФдагы коомдук өкүлдөрү, диаспоралык уюмдардын жана бирикмелердин мүчөлөрү менен биргеликте ишембилик өткөрүштү.

Аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чарасы Москва шаарындагы Достук паркында өттү.

Кыргызстандыктар үчүн салтка айланган ишембиликте парктын аймагын тазалоо, таштандыларды тазалоо, “Манас айкелинин” эстелигин тургузуу жана чакан архитектуралык формаларды – урналарды, дүкөндөрдү ж. б. иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Өкүлчүлүктүн жетекчиси К.Акматбеков жалпы шаардык эмгек майрамына Активдүү жана өз ыктыяры менен катышкандарга ыраазычылык билдирип, мекендештердин коомдук жашоосуна оң таасирин тийгизип, биримдикти жана ынтымакты бекемдей турган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар