Кыргызстанда 13 бала бюджеттин эсебинен технологиялык кол протездери менен камсыз болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде “Киби” кол протездерин алган бейтаптар менен жолугушуу болуп өттү. Буга мамлекеттик бюджеттен 1 миллион 789 миң 988 сом бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде “Киби” кол протездерин алган бейтаптар менен жолугушуу болуп өттү.  Аталган протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техник – протезчилери Сколковонун резиденти «Моторика» компаниясынын компоненттеринен жасашкан.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекованын айтымында, «Киби» протездери баланын протезди өзүнүн дене мүчөсү катары кабыл алууну калыптандырат. Балдар функционалдык протездерди кичинекей кезинен тарта колдонууну башташы керек. Кол протездери баланын функциясын гана жакшыртпастан, ден-соолукка керексиз көйгөйлөрдүн алдын алып,  күнүмдүк жашоосуна туруктуу тонусту кармап турууга мүмкүндүк берет. “«Киби» – бул жөнөкөй иштөө принциби бар протез,ал электроникасыз иштейт жана суудан коркпойт”- экенин кошумчалады.

“Kиби” – дүмүрдүн булчуңдарынын тартылуусунун эсебинен иштейт. Колдонуучунун күчү гана керек. Бул протезге кошумча тирекемелерди да орнотсо болот. Мисалы: смартфон кармагычтарды, кол чырактын модулун жана башкалар.

Эске салсак, заманбап “Киби” протезди жасоого биринчи кадам 2022-жылдын август айында Республикалык протездик – ортопедиялык буюмдар мекемесинин, Сколковонун трезиденти – “Моторика” компаниясынын жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюу менен башталган.
Пайдалуу
Ссылкалар