Тоң районунда жыл башынан бери 150дөн ашуун адам иш менен камсыз болду

Тоң районунун иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери жумушка орношуу маселеси боюнча 173 адам кайрылган.

35 адам ишке орношуп, 23ү инфраструктураны оңдоо жана жакшыртуу боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга, дагы 86сы кесиптик окутууга багытталган.

Окутуу – тигүүчү, ИК оператору, ветеринар жана газ электр ширетүүчү адистиктери боюнча уюштурулган.

Пайдалуу
Ссылкалар